• Башкы бет
  • Көз жарган кыздын иши боюнча 17 адам сурак берүүдө
10:58, -ж., 11-сентябрь

Көз жарган кыздын иши боюнча 17 адам сурак берүүдө

Көз жарган кыздын иши боюнча 17 адам сурак берүүдө

Көз жарган бакай-аталык өспүрүм кыздын окуясы боюнча 17 бала сурак берүүдө.

Буга чейин Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын 8-июнунда Бакай-Ата РИИБге Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан маалыматтардын электрондук журналына​ ​ катталган материал келип түшкөн. Анда Бишкек шаарынын №6 төрөт үйүнө Бакай-Ата районунун 2004-жылы туулган тургуну — кош бойлуу Т.С. (37 жума) түшкөндүгү көрсөтүлгөн.

Аталган факт ​ аймактык караштуулугу боюнча Бакай-Ата РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине​ Жазык кодексинин 164-беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. ​

Азыркы убакта Т.С.га карата соттук-медициналык экспертиза​ дайындалып, ​анын кимден кош бойлуу болгондугун аныктоо максатында иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Ал эми жабырлануучунун 65 жаштагы таенеси Анарбү (аты өзгөртүлдү) жээн небересин айылдагы балдар, үй-бүлөлүү тургундар да зордуктап жүргөнүн, кыздын ден соолугунан (акыл-эсинен жабыркайт) пайдаланышканын билдирген болчу.

Анарбү 4 айдан бери иш ордунан жылбай, күнөөлүүлөр жазасын ала электигин айтты.

«Иш милицияда 4 айдан бери жатат. Жыйынтык жок. Эч ким дагы кечирим сурап келген жок. Элдер: «таенеси акча алып, ишти жаап койду» деп айтып жатышат. Эч кимден 1 сом алган жокмун.

Учурда тергөөдө 17 бала сурак берип жатат. Милицияга телефон чалып сурасам эле, «убара болуп келбеңиз. Биз экиден сурап жатабыз» деп коёт. Экспертиза Бишкектен келет деген. Ал дагы 4 айдан бери белгисиз. Учурда кызды дагы, 4 ай болуп калган наристени дагы өзүм багып жатам», - деди ал.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүнкү күндө тергөө иштери аягына чыга электигин, экспертизалар дагы толук даяр боло электигин, тиешелүү балдар сурак берип жаткандыгын билдирди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...