• Башкы бет
  • Хиджаб менен мектепке барбоо айтылды
10:54, -ж., 11-сентябрь

Хиджаб менен мектепке барбоо айтылды

Хиджаб менен мектепке барбоо айтылды

Окуучуларда классикалык көрүнүш болуш керек — «үстү кара, асты ак», деди Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлшан Абдылдаева АКИpress агенттигине берген маегинде.

Анын айтымында, мектепке хиджаб кийип келүүгө болбойт, бирок ак жоолук салынса болот.

«Хиджаб — мектептик форма эмес. Окуучу кыз жоолук салынса болот, бирок классикалык түрдө кийиниши керек. Андай окуучулар жана алардын ата-энелери менен түшүндүүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Негизинен кыздарга хиджабды динге берилип кеткен ата-энелер кийгизишет. Балдардын укуктарын бузбастан, жоолуктун тыкан жана ак түстө болуусун сунуштайбыз», - деди Абдылдаева.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...