14:26
Кечээ
Орозайым Нарматова тергөө кызматына көрсөтмө берүү үчүн алынып келинген, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.
Тергөө иш-чараларынын алкагында Орозайым Нарматова бүгүн ИИМдин Тергөө кызматына көрсөтмө берүү үчүн алынып келинген. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө кызматы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.
ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, күбө катары суралды. Зарыл болгон бардык тергөө иш-чаралары жыйынтыкталган соң Орозайым Нарматова койо берилди, деп айтылат билдирүүдө.
Комментарийлер