Эртең аба ырайы кескин өзгөрөт

11-сентябрда узакка созулган жылуу жана кургак аба ырайынан кийин, Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт, деп билдирди 10-сентябрда Кыргызгидромет.
Түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт: Чүй облусунун өрөөн зонасында түнкүсүн +7... +12, күндүз +18... +23 тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн +5... +10, күндүз +14... +19, Талас облусунун өрөөн зонасында түнкүсүн +4... +9, күндүз +17... +22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөн зонасында түнкүсүн +10... +15, күндүз +23... +28, тоо этектеринде түнкүсүн +7... +12, күндүз +20... +25, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +6... +11, күндүз +20... +25 , Нарын облусунун дыйканчылык аймагында түнкүсүн +3... +8, күндүз +20... +25, тоолуу райондордо түнкүсүн -3... +2, күндүз +12... +17, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2... -7, күндүз +6... + 11.
Синоптиктердин айтымында, мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, жайыттарда малды кармоону, транспорттун, байланыштын, энергетиканын жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
Комментарийлер