• Башкы бет
  • Жантөрө Сатыбалдиев абактан ооруканага которулганы маалым болду
14:05, 2021-ж., 10-сентябрь

Жантөрө Сатыбалдиев абактан ооруканага которулганы маалым болду

Жантөрө Сатыбалдиев абактан ооруканага которулганы маалым болду

№47 абакта жазасын өтөп жаткан экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна которулганы белгилүү болду. Бул тууралуу "Азаттык" жазды.

Бул маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматы ырастады. Бирок мекеме Сатыбалдиев ооруканага качан жана эмне себептен жаткырылганын тактаган жок.

Жантөрө Сатыбалдиев былтыр ноябрь айында жүрөгүнөн операция болуп, стенд койдурган.

2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо коррупцияга жол берилген деген негизде экс-премьер-министр Сапар Исаковду жана “Улуттук энергохолдинг” компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен. “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл үч айга, Жантөрө Сатыбалдиев жети жыл, алты айга эркинен ажыратылган.

“Электр станциялары” ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан сот залынан бошотулган. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып салынган

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...