• Башкы бет
  • Ошто активист Орозайым Нарматова кармалды
10:03, 2021-ж., 10-сентябрь

Ошто активист Орозайым Нарматова кармалды

Ошто активист Орозайым Нарматова кармалды

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын Ош облусундагы өкүлү Замир Шамшидин уулу "Азаттыкка" партиянын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованы укук коргоо органдарынын кызматкерлери Ош аэропортунан кармап кеткенин 10-сентябрда билдирди.

"Таңкы 4:30 чамасында партиянын юристине Орозайым Нарматова Ош аэропортунда тергөөчүлөр тарабынан кармалып турат деген кабар келген. Биз юрист Сейитбек Довлотов менен барганда киргизишкен жок. Бир канча убакыттан кийин ал жерден тергөөчүлөр Нарматованы соттун чечими менен Бишкекке алып кетишкенин айтты. Ал бир канча күн мурун Кыргызстанга жакын тууганын жерге берүү үчүн келип, кайра Орусияга кетүү үчүн Ош аэропортуна барган".

Шамшидин уулу тергөөчүлөр Нарматованы Бишкекке автоунаа менен алып кетишкенин айтты. Ички иштер министрлиги жана башка укук коргоо органдары маалымат бере элек.

Орозайым Нарматова Орусияда иштеген эмгек мигранты. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.

Бир кезде президент Садыр Жапаровдун мурдагы активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындап келген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...