• Башкы бет
  • Улуттук Банктын башчысы элдин колунда ири акчанын чоо-жайын түшүндүрдү
09:56, -ж., 10-сентябрь

Улуттук Банктын башчысы элдин колунда ири акчанын чоо-жайын түшүндүрдү

Улуттук Банктын башчысы элдин колунда ири акчанын чоо-жайын түшүндүрдү

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдугулов «Биринчи радионун» эфиринде 2021-жылдын июль айынын аягына карата калктын колундагы рекорддук суммадагы акча эмнени билдирерин түшүндүрдү.

«Бул жерде карапайым жарандын көз карашы менен караш керек. Кризис учурунда, келечегине ишенбегенде, калк азыраак сарптоону жана каражаттарды эсепке эмес, накталай сактоону туура көрүшөт. Бул табигый көрүнүш», - деди ал.

Улуттук банктын башчысы Кыргызстанда жайында COVID-19дун дагы бир толкуну болгонун, ошондуктан адамдар акчаны үнөмдөөгө аракет кылышканын кошумчалады.

«Биз жарандардын акчасынын бир бөлүгүн үнөмдөөгө аракет кылышын жактайбыз. Депозиттин бир бөлүгүн «кара күнгө» бөлүү керек», - деп түшүндүрдү Т.Абдыгулов.

Улуттук банктын башчысы дагы бир көрсөткүч — экономикада акчанын жүгүртүлүшү бар экенин кошумчалады. «Банктарга чоң акча агымынын кириши. Биз экономикага кеткен акча кайра банкка түшөрүн көрүп жатабыз. Бул экономика өнүгө баштаганын жана туура багытта баратканын билдирет », - деп түшүндүрдү ал.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...