• Башкы бет
  • Милиция пакистандык жана индиялык студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү
09:50, -ж., 10-сентябрь

Милиция пакистандык жана индиялык студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Милиция пакистандык жана индиялык студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Ысык-Көл районунун Бостери айылында милиция кызматкерлери чет өлкөлүк жарандардын арасында профилактикалык иштерди жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы аймактык кабарчысына шилтеме берүү менен жазды.

Бир күн мурун социалдык тармактарда Пакистандын эки жараны Ысык-Көлдө самын жана жышыгыч (мочалка) менен жуунуп жаткан видеосу пайда болду. Бул видео коомчулукта бир топ талкууларды жаратты.

Буга байланыштуу Ысык-Көл РИИБдин милиция кызматкерлери пакистандыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Анда алар Ысык-Көлдө самын менен жуунбаш керектигин айтышты.

Мындан тышкары санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана сууда сүзүүдө коопсуздук чараларын сактоо керектигин эскертишти.

"Турмуш" басылмасынын кабарчысы билдиргендей, милиция кызматкерлери көлдө жуунуп жаткан эки жаранды таба алышкан эмес.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...