• Башкы бет
  • УКМК Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү боюнча өткөн тендер боюнча кылмыш ишин козгоду
11:29, 2021-ж., 9-сентябрь

УКМК Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү боюнча өткөн тендер боюнча кылмыш ишин козгоду

УКМК Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү боюнча өткөн тендер боюнча кылмыш ишин козгоду

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги долбоорлор иштеринин алкагында, аталган дарыянын жээгин көрктөндүрүү иши боюнча өткөрүлгөн тендер иши боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү боюнча өткөрүлгөн тендер туралуу, Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалану) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш башталган.

Азыркы учурда тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү боюнча долбоор экс-мэр Таалайбек Сарыбашов учурунда башталган. Тендерден "Капитал Курулуш" ЖЧКсы уткан.

Аталган долбоор 2 жыл аралыгында бүтүп, ага 251 млн. 893 миң сом жумшоо пландалган.

Долбоор боюнча оңдоп-түзөлүп, көрктөндүрүүлүчү аймактын узундугу 5 миң 400 метрди түзөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...