• Башкы бет
  • Ошто буудай жана жүгөрүнүн баасы төмөндөдү
08:38, 2021-ж., 9-сентябрь

Ошто буудай жана жүгөрүнүн баасы төмөндөдү

Ошто буудай жана жүгөрүнүн баасы төмөндөдү

Ош шаарында жүгөрү жана буудайдын баасы 3 сомдон 5 сомго чейин төмөндөдү.

Арзыкан аттуу соодагердин айтымында, акыркы 10 күндөн бери буудай менен жүгөрү көбүрөөк келе баштады.

Буудай жаздык жана күздүк деп бөлүнөт. 1-2 ай мурун жаздык буудайлар бышкан. Ошондуктан анын көлөмү көбөйүп, алуучулар азайгандыктан баасы 3 сомдон 5 сомго чейин төмөндөдү», - деди ал.

Учурда жүгөрүнүн килограммы 28 сомдон 30 сомго чейин сатылып жатат. Ал эми анын майдасы 30 сомдон бааланууда. Буга чейин буудайдын килограммы 33 сомдон 35 сомго чейин сатылып жаткан болсо, бүгүнкү күндө 28 сомдон 30 сомго чейин сатылып жатат.

Алып сатуу менен алектенгендердин пикири боюнча, айылдарда буудай жана жүгөрүнүн запасы көбөйдү. Ошондой эле жергиликтүү дыйкандар айдаган жүгөрү жана буудай өсүмдүктөрү бышып, түшүм алуу убагы. Мындан сырткары Ош шаарында өсүмдүк майынын баасы да 20-30 сомго төмөндөгөн. Акыркы 2-3 күнгө салыштырмалуу пахта майынын баасы 30 сомго, семичке майынын баасы 20 сомго төмөндөгөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...