15:36
Кечээ
Ош шаардык төрөт үйү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу эки жумага жабылды. Бул тууралуу төрөт үйдүн башкы дарыгери Дамира Ташмаматова билдирди.
Анын айтымында, пандемияга байланыштуу төрөт үйү өткөн жылы да оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.
«Быйыл санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун буйругу менен оңдоо иштери башталды. Төрөт үйү 6-сентябрдан 25-сентябрга чейин жабык болот. Бул убакыт аралыгында толугу менен акталып, сырдалып бүтөт. Ал эми кызматкерлер жумушун Ош облустук төрөт үйүндө улантып, иштеп жатышат», - деди ал.
Комментарийлер