• Башкы бет
  • "Танк биатлонунун" катышуучуларын тосуп алышты
08:32, -ж., 9-сентябрь

"Танк биатлонунун" катышуучуларын тосуп алышты

"Танк биатлонунун" катышуучуларын тосуп алышты

Кант шаарындагы авиабазада Россияда өткөн «Танк биатлону» мелдешине катышкан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн курама командасын салтанаттуу тосуп алуу аземи өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

3-сентябрда кыргыз аскерлери эл аралык «Танк биатлону» мелдешинин экинчи дивизионунда 1-орунду ээлеген.

«Танк биатлону» мелдешине Африка, Азия жана Европа континенттеринен 19 өлкө катышкан. Алар эки дивизионго бөлүнгөн болчу.

Кыргыз аскерлерин салтанаттуу тосуп алуу аземи чакан концерт менен жыйынтыкталды. Андан соң мелдешке катышкан аскерлер №73809 аскер бөлүгүнө жөнөп кетишти. Алар ден соолугун калыбына келтирүү үчүн Коргоо министрлигинин «Тамга» аскер санаторийине жөнөтүлөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...