Ош: Борбордук аянтта коронавируска каршы массалык эмдөө болду

Кечээ, 8-сентябрда Ош шаарынын борбордук аянтында калкты коронавирус инфекциясына каршы массалык эмдөө иш -чарасынын алкагында медицина кызматкерлеринин, шаар тургундарынын, спортчулардын, билим берүү тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жөө жүрүш орун алды.
Ага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, Саламаттык сактоонун Ош шаарындагы координатору Кыялбек Ташполотов жана жалпы 1500 катышуучу катышты.
Вице-мэр өз сөзүндө жугуштуу таажы илдети күч алган учурда ак ниет эмгегин аябай, жашоосун тобокелге салып, күнү-түнү иштеген ак халатчан баатырларга ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа, жаштардан түрдүү флешмобдор тартууланды.
Борбордук аянтта баардык каалоочулар үчүн коронавируска каршы акысыз эмдөө болду. Активдүү катышып, вакцинаны алган тургундар Ош шаарынын мэриясы тарабынан баалуу белектерди алышты.
Белгилей кетсек, иш-чара республикалык штабдын протоколуна ылайык 1-сентябрдан 10-сентябрга чейин Ош шаарындагы бардык МАБдардын аймагында өткөрүлгөн масштабдуу акциянын жыйынтыгынын алкагында өткөрүлдү.
Комментарийлер