Кара-Сууда 7 жаштагы бала суу чөгүп каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында 7 жаштагы бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Түзүмдүн маалыматы боюнча, 6-сентябрь күнү саат 12:45 чамасында Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Төлөйкөн айылында жайгашкан «Бөрүбай-Ата» эс алуу жайында жаш бала сууга чөгүп кеткени тууралуу кабар келген.
«Аталган факт боюнча ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзгөн. Жыйынтыгында Ош шаарынын 2014-жылы туулган тургуну А.А. "Бөрүбай-Ата" эс алуу жайына апасы менен барып, сууга түшүп жүрүп чөгүп кеткени аныкталды. Бул иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, тийиштүү экспертизалар дайындалды», - деп айтылат маалыматта.
Ал эми бассейндин ээсине да эскертүү берилип, териштирүү иштери жүрүүдө.
Комментарийлер