• Башкы бет
  • Ош шаарынын айрым аймактарында мастар көбөйдү
09:22, 2021-ж., 8-сентябрь

Ош шаарынын айрым аймактарында мастар көбөйдү

Ош шаарынын айрым аймактарында мастар көбөйдү

Бүгүн, 7-сентябрь күнү Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарынын тургундары менен жолугушуп, алардын коомдук тартиптин сакталышы, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ой-пикирлерин жана сунуштарын укту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарынын Керме-Тоо, Сулайман-Тоо, Амир-Темур, Туран, Курманжан датка жана Манас ата кичи райондорунун жергиликтүү жашоочулары менен жолугушуп, бул аймактарда жайгашкан коомдук алдын алуу борборлорунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Жашоочуларга бүгүнкү күндөгү милициянын аткарып жаткан иштери, келечектеги пландар тууралуу айтып, берилген суроолорго жооп берди. Негизги талкууланган маселе — жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу болду.

"Жолугушуу учурунда эл маселелерин айтышып, аларды чечип берүүнү суранышты. Мисалы, Керме-Тоо мунициалдык аймактык башкармалыгында өткөн жолугушууларда Ош—Ноокат багытында каттаган жеке таксисттерди тартипке келтирүүнү, Ош—Араван багытындагы, Ош шаарынан чыга беришиндеги жол боюнда токтоп турган ири жүк ташуучу унаалардан жолду бошотуп берүүнү суранышты. Ал ири жүк ташуучу унаалардын (Фура) жолду ээлеп, башка жол кыймылынын мүчөлөрүнө кооптуу болуп жаткандыгын айтышты. Мындан сырткары жолдордогу сызыктарды жаӊылоо, кошумча жол белгилерин, жол чырактарды коюу, базарлардагы тартипти күчөтүүнү суранышты. Туран жана Курманжан датка кичи районунун тургундары мас абалында жүргөндөр көбөйүп бара жаткандыгын, аларды соолуктуруучу жай ачуу керектигин сунушташты",-деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков көптөгөн маселелерди жеринде чечип, жергиликтүү милиция кызматкерлерине дагы кошумча тапшырмаларды койду.

Жолугушуунун алкагында ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын №2, №3, №4 милиция бөлүмчөлөрүндө кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлеринин абалына кызыгып, кызматтык бөлмөлөргө баш багып, алардын тиешелүү атайын каражаттар, кийим-кечек жана техникалар менен камсыздалуусу менен таанышып чыкты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...