• Башкы бет
  • Жалал-Абаддагы эң бай айыл өкмөттө чыр чыкты
09:20, 2021-ж., 8-сентябрь

Жалал-Абаддагы эң бай айыл өкмөттө чыр чыкты

Жалал-Абаддагы эң бай айыл өкмөттө чыр чыкты

Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл өкмөтүндө чыккан чыр ээнбаштык беренеси боюнча милицияга катталып, териштирилип баштады . Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы аймактык кабарчысына таянуу менен жазды.

Маалым болгондой, республикада эң бай айыл өкмөт катары саналган Көк-Таш айыл өкмөтүнүн имаратынын ичинде жол курган компаниянын өкүлү токмокко кабылганы боюнча милицияга арыз жазды. Жаңжал компаниянын өкүлү Азамат Тайырбек уулу айыл өкмөттүн алдындагы «Тазалык» ишканасынан алып иштеткен техниканын ижара акысын төлөө үчүн барган учурда чыккан. Ал жергиликтүү кеңештин төрагасы Б.Нышанов, «Тазалык» ишканасынын жетекчиси жана айыл өкмөттүн кызматкери биригип ур-токмокко алышканын айтууда.

«Биз Көк-Таш айыл өкмөтүндө 3 чакырым жолду асфальттоо үчүн тендерден утуп алганбыз. Бүгүнкү күнгө чейин 1,6 чакырым жолго асфальт төшөлүп бүткөн. Дагы 10-15 күндүн аралыгында калган жумушту бүтүрүп жиберели деп жатканбыз. Буга чейин "Тазалык" муниципалдык ишканасынын бир техникасын саатына 3500 сомдон ижара төлөп иштетип жатканбыз. Бир күндө 1-2 саатка алчубуз. Жалпы 12 саат иштеткендиктен ошону эсептешип, калган каражатты төгүү үчүн баргам. Мекеме жетекчиси, айыл өкмөт башчы болуп иш бөлмөдө олтуруп, аткарылган иштер боюнча маалымат бердим. Жергиликтүү кеңештин төрагасы Б.Нышанов ишкананын техникасына өзүнчө ээлик кылып, 12 саат иштеген техникага саатына 7000 сомдон жалпы 84 миң сом бересиң деп чыкты. Мен техникаларды ижарага берүү үчүн бекитилген тарифти көрсөтүүнү талап кылдым. Төрага "тарифти сурагыдай сен кимсиң?" деп ачууланып, ортодо чыр чыгып кетти. Алгач имараттын ичинде элек, сыртка чыкканда айыл өкмөттүн кызматкерлери да кошулуп, токмоктоп киришти. Эгер видеокамерада өчүрүлбөсө, ал чыгат», - деди Азамат Тайырбек уулу.

Ал окуя болгон күнү Ала-Бука РИИБге арыз жазган. Өзүнүн айтымында, Оштогу ооруканага кайрылып, шартка байланыштуу үйүндө дарыланып жатат. Ошондой эле жолдун сапаты жөнүндө сөз болбогонун, жол толук курулуп бүтө электигин айтты.

Көк-Таш айылдык кеңешинин төрагасы Б.Нышановдун айтымында, баары тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болот. Техниканын ижара акысын саатына 7000 сомдон коюунун да жөнү бар.

«Бул техникага күйүүчү май көп кетет. 3500 сомдун ичине күйүүчү майы да кошулган. Күйүүчү май, айдоочунун мээнети, баарын кошкондо өзүн акташы кыйын болуп калат экен. Мен ошону айттым. Анан жолдун сапаты боюнча сөз козгодум. Эл өкүлү болгон соң эл жол тууралуу бизге маселе коет. Азыр териштирүү жүрүп жатат», - деди Нышанов.

Бул окуя боюнча Ала-Бука РИИБде Жазык кодексиндеги ээнбаштык беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Учурда тергөө жүрүүдө.

Көк-Таш айыл өкмөтүнүн быйылкы жылга жалпы бюджети 120 миллион сомдон ашат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...