• Башкы бет
  • Президент Кыргызстандын футбол боюнча курамасын жеңиши менен куттуктады
09:03, -ж., 8-сентябрь

Президент Кыргызстандын футбол боюнча курамасын жеңиши менен куттуктады

Президент Кыргызстандын футбол боюнча курамасын жеңиши менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров 7-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы менен Бангледештин курамасынын футболдук беттешине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Оюн «Үч улут кубогу» эл аралык беттештин акыркы турунун алкагында өттү. Турнирге үч курама катышып (Кыргызстан, Палестина, Бангладеш), алар өз ара бир айлампа ойношту.

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Бангладештин командасын 4:1 эсебинде утту.

Оюн бүткөн соң, мамлекет башчысы спортчуларды ишенимдүү жеңиши менен куттуктоо үчүн Кыргызстандын курамасы эс алган бөлмөгө кирди. Ал бул беттеште команда татыктуу жана кызыктуу оюн көрсөткөнүн белгиледи.

Президент өз күйөрмандарына жагымдуу эмоцияларды тартуулаганы үчүн футболчуларга, машыктыруучуларга ыраазычылык сөздөрүн айтты.

Ал өлкөнүн улуттук курамасы мындан ары да ар кыл эл аралык мелдештерде жогорку натыйжаларга жетишип, өз жеңиштери менен кыргызстандыктарды кубанта берүүсүн каалады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...