Баңгизат сатууну көздөгөн жаран кармалды

ПРЕСС-РЕЛИЗ
Баңгизаттын туруктуу каналынын ишине бөгөт коюулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу каналын түзгөн тобу аныкталды.
"2021-жылдын 4-сентябрында ыкчам-тергөө тобу тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынан 1 кг өлчөмдөгү баңгизатты сатууну көздөгөн КР жараны "Ю.Б.У." кармалды. Кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.",-деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда КР УКМК тарабынан баңгизаттар менен алектенген башка адамдарды аныктоого, ошондой эле транзиттик жана баңги аткезчилигинин башка каналдарына бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.
Комментарийлер