• Башкы бет
  • Орусиялык аскер базанын кызматкери кыргыз жаранын унаа менен сүзүп кеткен
08:41, -ж., 7-сентябрь

Орусиялык аскер базанын кызматкери кыргыз жаранын унаа менен сүзүп кеткен

Орусиялык аскер базанын кызматкери кыргыз жаранын унаа менен сүзүп кеткен

Канттагы орусиялык аскердик базанын кызматкери Кыргызстандын жаранын унаа менен сүзүп кеткен. Бул тууралуу коргоо министринин биринчи орун басары Нурлан Кирешеев парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ага карата Орусиянын тиешелүү органдары тарабынан чаралар көрүлгөн.

Депутат Акыл Кемелов эмне себептен Кыргызстандын жарандары жабыркап жаткан учурда бул ишти башка өлкөнүн кызматкерлери териштирип жатат, деп сурады.

Кирешеев белгилегендей, бул жерде мыйзам бузуунун орду, машыгуу жүрүп жаткан аймак жөнүндө сөз болуп жатат.

«Эгерде биздин жаран чет өлкөдө кылмыш жасаган болсо, анда алгачкы тергөө иштерин биз жүргүзөбүз. Эгерде биздин жаран башка аймакта кылмыш кылса, анда тиешелүү өлкөнүн бийлиги алгачкы иликтөө жүргүзөт, бирок андан кийин материалдар бизге өткөрүлүп берилет. Башкача айтканда, биздин мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт», - деди ал.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...