• Башкы бет
  • Чүйдө улгайган аял мыкаачылык менен өлтүрүлдү
13:48, 2021-ж., 6-сентябрь

Чүйдө улгайган аял мыкаачылык менен өлтүрүлдү

Чүйдө улгайган аял мыкаачылык менен өлтүрүлдү

Жайыл районунун Степной айылында улгайган аял мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы жазды.

Маалым болгондой, 2021-жылдын 6-сентябрына караган түнү Центральная көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринде өрт чыккан. Аны жергиликтүү тургундар өчүрүүгө жетишкен. Андан кийин айылдыктар үйгө кирип, ал жерден үй ээсинин башы жок денесин табышкан. Ал болжол менен 60 жаштагы жергиликтүү тургун Т.Р. болгон.

Белгилүү болгондой, улгайган аял Степной айылына 15 жыл мурун көчүп келген. Анын балдарын эч ким көргөн эмес. Жалгыз жашап, спирт ичимдигин көп иччү.

«Ушундай эле киши өлтүрүү биздин айылда 11-августта да катталган. Жергиликтүү тургундун башы кесилип, үйү өрттөлгөн. Бул кылмышка шектелип, анын таанышы кармалган. Ал биз билгендей кылганын мойнуна алган», - дешет айыл тургундары.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2021-жылдын 5-сентябрында саат 21:40 чамасында Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Степной айылында жайгашкан үйлөрдүн биринен бир аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Алынган билдирүүгө ылайык, ыкчам иликтөө тобу жерине чыгышкан. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келгенде, үйдүн артынан 1961-жылы туулган С.Т.нын сөөгү табылган. Анын денесинде бычак жаракаттары болгон.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында милиция кызматкерлери коңшу жашаган жергиликтүү тургундарга сурак жүргүзгөн. Алардын айтымында, 5-сентябрда саат 17:00 чамасында каза болгон аялдын үйүндө түтүн байкалган. Дароо үйүнө кирип, уктоочу бөлмөдөгү матрастын түтөп жатканын көрүшкөн. Андан кийин каза болгон аялдын жансыз денесин алып чыгып, анын жээнине кабарлашкан.

«Чүй ОИИББ аялдын башы жок табылганы жана үйү өрттөнгөнү тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирет. Милиция кызматкерлери аталган үйгө барган учурда бычактан көптөгөн жаракат алган аялды табышкан. Үйдө өрт болгон эмес.Учурда окуяга тиешеси бар адамдарды табуу жана кармоо үчүн Чүй ОИИББдин, Жайыл РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлери тарабынан бардык зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...