• Башкы бет
  • Секелек кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн жаранга кылмыш иши козголду
10:21, -ж., 6-сентябрь

Секелек кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн жаранга кылмыш иши козголду

Секелек кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн жаранга кылмыш иши козголду

Талас облустук ички иштер башкармалыгы 6-7 жаштагы эки кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деген окуя боюнча Жазык кодексинин 165-беренеси (“Ыплас аракеттер”) менен сотко чейинки териштирүү ишин баштады.

Облустук милициянын маалыматына караганда, кылмыш иши жергиликтүү тургундун арызынын негизинде козголуп, иликтөө жүрүп жатат. Арыз ээси өзүнүн жана кошунасынын кызына сексуалдык ыдык көрсөтүлгөнүн билдирген.

Кыргызстанда укук коргоочулар секелек кыздар зордукталган учурлар көбөйүп жатканын айтып коңгуроо кагып келишет.

Өлкөдө жашы жете электерди зордуктоо боюнча чуулгандуу бир нече окуялар катталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...