• Башкы бет
  • Алайлыктар Алмамбет Салиевди боштондукка чыгарууну суранышты
10:18, -ж., 6-сентябрь

Алайлыктар Алмамбет Салиевди боштондукка чыгарууну суранышты

Алайлыктар Алмамбет Салиевди боштондукка чыгарууну суранышты

Ош облусунун Алай районунун борбордук аянтында миңге жакын эл чогулду. Алар өлкө башчысынан президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевди боштондукка чыгарып берүүнү суранышты.

Салиевдин тарапташтары ал боштондукка чыкпаса, Алайдын эли Бишкекке чейин жөө жүрүш жасашарын айтышты. Ошондой эле, алар «Алмамбетке боштондук!», «Сот адилеттүү болсун» деген ураандарды айтышып, Салиевдин 6-сентябрда боло турган сотунда адилеттүү чечим чыгуусун талап кылышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...