• Башкы бет
  • 43 жаштагы аял 6 жыл мурун жасаган кылмыш үчүн камалды
10:15, 2021-ж., 6-сентябрь

43 жаштагы аял 6 жыл мурун жасаган кылмыш үчүн камалды

43 жаштагы аял 6 жыл мурун жасаган кылмыш үчүн камалды

Ош облусунда алдамчылыкка шектелип жүргөн аял кармалды. Ал 11-август күнү колго түшүп, тергөө аяктаганга чейин камакта калтырылганын облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун 1978-жылы туулган тургуну И.С. (аял киши) Ош шаарынын тургуну А.Г.га 4 жер тилкесин алып берүүнү убадалап, 9 миң доллар алгандан кийин качып кеткен. Шектүү Ош мэриясында иштейм деп алдаган.

«Андан соң өздүгүн тастыктоочу документтерди алмаштырып алган. Ош облустук соттук коллегиясы И. С. жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтурбаганын, өздүгүн тастыктоочу документти алмаштырганын, тергөө амалдарын жүргүзүүгө тоскоолдук жаратканын, тергөөдөн жана соттон жашырынып качып кеткенин эске алуу менен камакта кармоо мыйзамдуу жана негиздүү болот деген тыянакка келген. Ал 11-сентябрга чейин Жалал-Абад шаарындагы СИЗО-53 мекемесине жайгаштырылды», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...