10:32, 2021-ж., 4-сентябрь

Ысык-Көл араб ишкерлери келди

Ысык-Көл араб ишкерлери келди

Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясынын мүчөлөрү «Асман» — келечектеги «Экологиялык таза шаар» долбоорун ишке ашырууну пландап жаткан жерге барышты.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, делегация Тору-Айгыр айыл аймагына барып, ал жерде долбоор менен таанышышты.

Сапардын чоо жайы азырынча белгисиз.

Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, Кыргызстанга энергетика, айыл чарба, туризм жана логистика тармагын чагылдырган Бириккен Араб Эмираттарынын ири компанияларынын делегациясы келген. Алардын арасында DPWorld, MASDAR, ADQ, Abu Dhabi Fund for Development, Royal Group, Earth Retai, Fresh Harvest сыяктуу ири компаниялардын жетекчилери бар.

Президент Садыр Жапаров энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль Мазруи баштаган делегацияны кабыл алды. Кененирээк бул жерден окуй аласыз.

Буга чейин Tazabek бизнес-басылмасы авторлордун концепциясы боюнча аталган шаар өлкөнүн экономикалык жана туристтик борбору болуп, анда алдыңкы билим берүү системасын киргизүү, ден соолукту чыңдоочу жайлар жана бизнес борборлорун, стадиондорду куруу, жогорку технологиялык парктарды, ошондой эле каржылык-кредиттик мекемелерди жайгаштыруу жана башкалар каралганын жазган.

Долбоорго ылайык, 4 миң гектардык аянтты ээлеген концептуалдык жаңы шаардын курулушуна шаарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө кеткен каражаттан аз каражат сарпталат. Өндүрүштүк инфраструктурасы «акылдуу шаар» классында жогорку технологияга негизделип, альтернативдүү энергия булактарын кеңири пайдалануу, ресурстарды жана транспорттун экологиялык таза түрлөрүн оптималдуу пайдалануу менен, ошондой эле жашыл экономика принциптерин сактоо менен ишке ашырылат.

Параметрлерге ылайык, инфраструктура 500 миң кишилик туруктуу жашоочуга деп эсептелген. Кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн эске алганда, резервдик потенциал 700 миңге чейин чыгат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 7 жылдан 10 жылга чейин деп божомолдонууда. Үстүнөн караганда комуз улуттук музыкалык аспабына окшош болгон шаарды Ысык-Көл облусуна куруу пландалууда.

Долбоордун авторлорунун айтымында, алдыга коюлган максаттарга жетүү менен экономиканын бардык тармактарын өнүктүрүү үчүн олуттуу инвестиция тартууга, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, ошондой эле ата мекендик курулуш материалдарына, азык-түлүккө, кызмат көрсөтүүлөргө жана башка суроо-талаптарды көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...