• Башкы бет
  • УКМКнын төрагасынын кубогуна арналган спартакиада башталды
10:25, 2021-ж., 4-сентябрь

УКМКнын төрагасынын кубогуна арналган спартакиада башталды

УКМКнын төрагасынын кубогуна арналган спартакиада башталды

ПРЕСС-РЕЛИЗ 

УКМК төрагасынын кубогу үчүн командалык спорттун түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада башталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда бүгүн, 4-сентябрь Ысык-Көлдө бардык облустук башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин катышуусу менен  УКМКнын төрагасынын кубогуна командалык спорттун түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада башталды.

Быйылкы жылы коопсуздук органдарынын спорттук командалары волейбол, футбол, баскетбол, шахмат жана тогуз коргоол боюнча спорттун беш түрү менен күч сынашат. 

Спартакияданын салтанаттуу ачылышында УКМКнын төрагасы генерал -лейтенант К.Ташиев, кызматкерлердин ыкчам жана кызматтык ишинин жогорку эффективдүүлүгүн камсыз кылуунун багыттарынын бири катары, спортту өнүктүрүүнүн жана аскер кызматкерлеринин дене тарбиясынын деңгээлин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

 К.Ташиев ошондой эле УКМКнын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жүрүп жатканын ылайыктуу тейлөө шарттарын түзүү үчүн нөлдөн баштап курулган жаңы объекттерди белгиледи. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата боло турган спартакияда үчүн атайын командалык спорттук оюндар боюнча универсалдуу спорттук аянтча курулгандыгын баса белгиленди.

«Кесиптик парзга берилгендик, кайраттуулук, чечкиндүүлүк жана өжөрлүк, КГБнын мыкты салттарын сактоо жана өркүндөтүү коопсуздук органдарында кызмат кылгандардын баары үчүн өзгөрүүсүз калган жана бойдон калууда. Командалардын бирдиктүү оюндары жана спорттук мамилеси, жакшы жана достук мамилелерге негизделген адилеттүү оюн бүгүнкү иш-чаранын негизги принциптерине айланат деп ишенем. Сиздерге кызыктуу оюн, чыныгы атаандаштык, командалык дух, ийгилик, жеңиш каалайм! - деп УКМК төрагасы куттуктоо сөзүн жыйынтыктады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...