• Башкы бет
  • Акматбек Келдибековго чыккан бардык сот өкүмдөрү жокко чыкты
09:56, -ж., 4-сентябрь

Акматбек Келдибековго чыккан бардык сот өкүмдөрү жокко чыкты

Акматбек Келдибековго чыккан бардык сот өкүмдөрү жокко чыкты

Жогорку сот Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибековго карата чыгарылган сот өкүмдөрүн жокко чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда АКИpress агенттигине Жогорку соттун басма сөз кызматына таянууга менен жазды.

Тиешелүү токтом 18-августта чыгарылган. Жогорку сот Келдибековдун өтүнүчүн канааттандырып, анын ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөттү.

Жогорку соттун басма сөз кызматы токтом чыгарууда мамлекеттик айыптоочунун ишти кайра кароо зарыл жана аны биринчи инстанциядагы сотко жөнөтүш керек деген корутундусу эске алынганын белгиледи.

Келдибеков 3 берене менен козголгон кылмыш иштерине айыпталган.

2015-жылы ноябрда Биринчи май райондук соту аны 2 эпизод боюнча күнөөлүү деп таап, мамлекетке 3 млн сом айып пул төлөөгө милдеттендирген.

Кийинчерээк Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн өзгөртүп, Келдибековду 10 млн сом айып пул төлөөгө милдеттендирген.

Келдибеков айтылган акчаны төлөп берген.

Окуя тууралуу:

Келдибековго Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү (Кылмышка шериктеш болуу), 303-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция), 304-беренесинин 4-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен айыптар тагылган.

Башкы прокуратура Келдибеков Социалдык фондду жетектеп турганда мамлекетке 24,3 млн сом зыян келтиргенин, Салык кызматын жетектеп турганда 2,3 млн сом зыян келтиргенин жана Жогорку Кеңештин спикери болуп турганда 9,9 млн сом зыян келтиргенин билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...