
09:47, 2021-ж., 4-сентябрь
Мас абалында жолдо уктап калган жаранды унаа сүзүп кеткен

Мас абалындагы эркек киши жолдо уктап калып, аны унаа сүзүп кетти. Натыйжада алган жаракатынан улам көз жумду. Бул маалыматты Ош ШИИБдин патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, 2-сентябрь күнү саат 22:30 чамасында 38 жаштагы Э.Ш.А. Ош–Араван жолунун ортосунда уктап калган. Араван районунун тургуну Э.А. «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү унаасын айдап баратып жерде жаткан кишини байкабай калган.
Аталган факт боюнча материалдар КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Окуя болгон жерде орнотулган видеобайкоо камерасынын кадрлары изилденген. Анда жөө адамдар өтүүчү жолдо эркек кишинин жолдон өтүп бараткандыгы көрсөтүлгөн. Жөө өтмөктүн ортосунда ал отуруп, анан жерге жатып уктап калган.
Унаанын айдоочусу табылып, Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер