• Башкы бет
  • Милиция жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүздү
09:44, -ж., 4-сентябрь

Милиция жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Милиция жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Кечээ, 3-август күнү Ош облусунун Кара-Кулжа жана Өзгөн РИИБдин жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын жана милициянын участкалык уполномоченныйынын кызматкерлери тарабынан жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүүсүнүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, калкка түшүндүрүү иштери милициянын көчмө кабылдама унаасы менен Кара-Кулжа районунун 1-май, Кара-Кочкор,Сары-Булак айылдарында жана Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Мырза-Аке, Жазы айылындарында жүргүзүлдү. 

"Эл менен жолугушуу учурунда жаш өспүрүмдөрдүн дарыя бойлорунда ата-энелердин коштоосусуз жүрүүсү кооптуу экендиги эскертилди. Ал эми рейд учурунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар жаш балдардын сууга түшүүдөгү коопсуздугун көзөмөлгө алуу негизинен ата-энелеринин жоопкерчилиги экендигин баса белгилешип, алар бул иш чарага милицияга көмөктөшүүгө чакырышты.",-деп айтылат маалыматта.

 Мындан сырткары окуучулардын жакынкы күндөрдө мектепке бараарына байланыштуу өзгөчө башталгыч класстарга жолдо жүрүү эрежелерин жакшы түшүндүрүп, жаш балдар көнүшкөнгө чейин ата-энелери коштоп жүрүүсү зарыл экендигин баса белгилешти. 

Ал эми Өзгөн шаарынын ортосун кесип өткөн дарыянын бойлорунда жашаган тургундарга үй алдындагы суунун ачык жерлери жаш балдар үчүн кооптуу болгондуктан ал жерлерге тосмолорду орнотууну суранышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...