• Башкы бет
  • Кыргыз курамасы танк биатлонунда чемпион болду
19:10, -ж., 3-сентябрь

Кыргыз курамасы танк биатлонунда чемпион болду

Кыргыз курамасы танк биатлонунда чемпион болду

Кыргызстандын танк жарыш боюнча курамасы Россияда өткөн "Танк биатлону -2021" мелдешинин жеңүүчүсү болду. Мелдеш бүгүн, 3-сентябрда жыйынтыкталды.

Россия Федерациясында өтүп жаткан "Танк биатлону -2021" мелдешинин 2-дивизионунун финалдык баскычында 4 команда күч сынашкан. Алар, Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма, Түштүк Осетия курамалары болуп саналат 

Финалдык баскычта кыргыз курамасы 24 бутанын 11не таамай атып, 12 айлампаны башка курамалардан мурун басып өткөн. Мындай жыйынтык менен кыргыз курамасы 1-орунду ээлеген болсо, Тажикстан 2-орунду, Мьянма 3-орунду, Түштүк Осетия 4-орунду ээлеген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...