
14:34, 2021-ж., 3-сентябрь
Путиндин сөзүн "оңдогон" окуучуга Кремль жооп берди

Россиянын президенти Владимир Путин Түндүк согушу тууралуу сөз кылып жатканда, анын сөзүн жогорку класстагы окуучулардын бири толуктап, так маалыматты айткан. Сөз 1700-1721-жылдары болгон Улуу Түндүк согушу тууралуу болуп жатат,-деп жазат "Акипресс" агенттиги.
Андагы маалыматка караганда, президент Путин 1-сентябрда Владивостоктогу «Океан» борборунда ачык сабакка катышкан. Анын жүрүшүндө президент «Жети жылдык согуш...» деген сөздү айткан.
Сөз алган окуучу: «Негизи бул Жети жылдык согуш эмес, жөн гана Түндүк согушу деп аталат. Түндүк согушу 1700-жылдан 1721-жылга чейин созулган», - деди окуучу.
Президент болсо ага тактоо үчүн ыраазычылык билдирген.
Бул окуядан кийин класс жетекчи окуучусу туура эмес маалыматты жашырбай турганын, буга байланыштуу президенттин сөзүнө да тактоо киргизгенин айткан.
Ал эми бул окуучу билим алган Воркуттагы №35 мектептин директору Юлия Рябцева окуучунун бул кадамын уятсыздык, арамзалык деп сыпаттады.
Директордун пикирине президенттин катчысы Дмитрий Песков кошулбайт.
«Бул эч кандай уятсыздык эмес», - деген катчы президент Путин дагы дайыма туура фактыларга ыктай турганын кошумчалады.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:43
Кечээ
14:38
Кечээ
14:36
Кечээ
Атайын тема
Жарыялар
15:20, -ж., 18-ноябрь
15:37, -ж., 18-ноябрь
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
live comments feed...
Комментарийлер