
09:57, 2021-ж., 3-сентябрь
Президент облустардагы өкүлдөрү тууралуу жарлыкка өзгөртүү киргизди

«Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыкка өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу президенттин сайтына жарыяланды.
Андагы маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2021-жылдын 15-июлундагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө Жарлыкка өзгөртүү киргизүү» тууралуу Жарлыкка койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү токтом кылынат:
— жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жободо 15 жана 16-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарлары, анын ичинде бир биринчи орун басары болот.
16.Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарлары, анын ичинде биринчи орун басары ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат».
Бул Жарлык бекитилген штаттык сандын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:36
Кечээ
15:31
Кечээ
15:29
Кечээ
14:58
-ж., 21-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
8
live comments feed...
Комментарийлер