09:52, 2021-ж., 3-сентябрь

Жол кырсыктарынын 4 себеби аталды

Жол кырсыктарынын 4 себеби аталды

Кечээ, 1-сентябрь күнү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен Ош облусундагы жол тескөөчүлөр узак жолго чыккан айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында Ош—Бишкек, Ош—Исфана, Ош—Эркеч-Там унаа жолунда жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө жол кырсыктарынын 4 себеби айтылды:

Алар:

- айдоочу сапарга эс албай чыкканы;

- рулду мас абалда башкаруу;

- унааны каттуу ылдамдыкта айдоо;

- карама-каршы тилкеге чыгып, жарышып айдоо.

Акыркы 7 ай ичинде Ош облусунун аймагында 425 жол кырсыгы катталып, 738 жүргүнчү денесинен ар түрдүү жаракаттарды алса, 75 адам өмүр менен кош айтышкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...