• Башкы бет
  • Ошто кыздын телефонун тартып алгандар Кара-Кулжадан табылды
09:49, -ж., 3-сентябрь

Ошто кыздын телефонун тартып алгандар Кара-Кулжадан табылды

Ошто кыздын телефонун тартып алгандар Кара-Кулжадан табылды

Ошто 26 жаштагы жаранды тоноого шектелип 3 жаран кармалганын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-июль күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө 1995-жылы туулган жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда Ош шаарынын Ленин көчөсүндө түнкүсүн бара жатканда белгисиз 3 жаш жигит коркутуп, кымбат баалуу «Айфон» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып койгонун билдирген.

Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 3 жарандын өздүгү аныкталып, издөө иштери башталган. Натыйжада 31-август күнү 1997-жылы туулган Ж.А., 1994-жылы туулган А. уулу А., 1998-жылы туулган А. уулу М. Кара-Кулжа районунун аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бүгүн, 2-сентябрда алардын баш коргоо чарасы каралат. Тоноо фактысы боюнча тергөө иштери уланууда. Учурда бул кылмыштуу топтун ушул сыяктуу башка тоноо иштерине катышканын иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...