09:45, 2021-ж., 3-сентябрь
Ош шаарында кытай жараны токко урунуп каза болду

Кечээ, 1-сентябрда Ош шаарынын Манас ата муниципалдык аймактык башкармалыгында кытай жараны каза болду. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы өздүк булактарына шилтеме берүү менен жазды.
Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунан бул маалыматты тастыктап, учурда кытай жаранынын сөөгү мейитканада экенин билдиришти.
Маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматы да ырастады.
«Арматура чыгаруучу ишканадан Кытай Эл Республикасынын 1963-жылы туулган жараны Л.Б.нын жансыз денеси табылганы боюнча билдирүү түшкөн. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө», - деп айтылат маалыматта.
Маркум токко урунуп каза болгону айтылууда.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер