• Башкы бет
  • Ош шаарынын жашоочулары ири суммадагы акчаларын алдаган аял кармалды
15:07, -ж., 2-сентябрь

Ош шаарынын жашоочулары ири суммадагы акчаларын алдаган аял кармалды

Ош шаарынын жашоочулары ири суммадагы акчаларын алдаган аял кармалды

Ош шаарындагы жашоочулардын ишеничине кирип, ири суммадагы акча алып, изин жашырып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери ири суммадагы акчаларды алып, кайтарбай жашынып жүргөн Жалал-Абад облусунун 1997-жылы туулган тургуну М.А.ны кармашкан.

Ал өзүн Ош шаарындагы «Алтын-Темир» жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси катары (текшерүүдө мындай коом таптакыр жок болуп чыккан) тааныштырып, жарандардан ири суммадагы акча каражатын (доллар менен) алып, ай сайын негизги суммадан сырткары дагы каражат кайтарып берүүнү убадалаган. Бирок кайтарбай, из жашырып жүргөн.

«Бүгүнкү күндө Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө бул келиндин үстүнөн 2 арыз келип түштү. Арыздануучулардын биринен 30 миӊ, экинчисинен 39 миӊ доллар алып, из жашырган. Андан сырткары жакындарынан дагы ушундай алдоо жолу менен көп суммада акча алганы аныкталып жатат. Ал жакындары арыз жазуудан баш тартышты.

Жазылган арыздар боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин (алдамчылык) белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга 28-августта киргизилип, Ош шаардык соту тарабынан 28-сентябрга чейин абакта кармоо боюнча санкция берилди», - деп айтылат маалыматта.

Милициядан кошумчалашкандай, алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү М.А. алынган акчаларды «Кыргыз-Каганат» аттуу ишканага жана конкреттүү бир адамдын атына которгонун билдирген. Текшерүү учурунда аталган ишкана жана аты аталган адам таптакыр болбогону аныкталды. Мындай көрсөтмө берүү менен шектүү М.А. тергөө кызматына да жалган айткан. Бүгүнкү күндө жалган билдирүү жасаганы үчүн Жазык кодексинин 344-беренесинин белгилери менен дагы кошумча иликтөө жүргүзүлөт.

Аталган аялдан жабыркагандар болсо, 0552-15-25-42, 03222-6-64-04 номурлары аркылуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылса болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...