15:36
Кечээ
1-сентябрга карата Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына 15 саясий партиядан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катыша турганы тууралуу арыз келип түштү.
Шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өтөт.
Арыз тапшырган партиялар:
- «Актив»,
- «Бийлик элге»,
- «Акыйкат Кыргызстан»,
- «Ар Намыс»,
- «Кыргызстан саясий күчтөрүнүн альянсы».
Буга чейин «Социал-демократтар», «Улуттар биримдиги», «Ишеним», «Альянс», «Кыргызстандын жашылдар партиясы», «Жаратман Эл», «Кыргызстан биримдиги патриоттук партиясы», «Ата Мекен» «Ыйман нуру», «Элдин үмүтү сациалдык-саясий партиясы» саясий партияларынан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүү келип түшкөн.
Комментарийлер