• Башкы бет
  • Оштт Түрк Кеңешинин форуму болуп жатат
09:10, -ж., 2-сентябрь

Оштт Түрк Кеңешинин форуму болуп жатат

Оштт Түрк Кеңешинин форуму болуп жатат

Ош шаарында Түрк Кеңешинин жаш лидерлеринин форуму уланууда

Кечээ, 1-сентябрь күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов Түрк Кеңешинин жаш лидерлери менен жолукту. Жолугушууга Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын аймактарынан келген 50дөн ашык жаш делегаттар катышты.

Биринчи вице-мэр Замир Юсупов жаштарга инвестиция салуу, келечекке чоң багыт берүү экендигин баса белгилеп, ушундай форумдар жаштардын тажрыйба алмашуусуна жана кайсыл тармакта болбосун калыптанышына мүмүкүнчүлүк түзөт деп кошумчалады.

Форумдун максаты-региондорду өнүктүрүү жана жаштар саясатынын алкагында тажрыйба алмашуу, шаардын потенциалын өнүктүрүүгө кошумча дем берүү, түрк тилдүү элдердин ортосундагы боордоштук жана достук мамилени чыңдоо болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында Түрк Кеңешинин Жаш лидерлеринин үчүнчү форуму уюштурулган. 

Иш -чара 31-августтан 2-сентябрга чейин улантылат. Форумдун алкагында Түрк Кеңешинин өлкөлөрүндөгү активдүү жаштардын ишмердүүлүгү туурасында илимий жана практикалык конференциялар, эркин темалар боюнча жолугушуулар, тегерек столдор уюштурулууда.

Түрк Кеңешинин Жаш лидерлеринин форуму 2018-жылдан бери өтүп келет. Биринчи форум Азербайжанда, экинчи форум Казакстанда болгон. Ал эми кийинки эстафета Өзбекстанга узатылат. 

Форум Кыргыз Республикасынын дене-тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча агенттиги жана Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...