• Башкы бет
  • Улакчылар нааразылык билдирип, облустук администрациясынын алдына чогулду
09:03, -ж., 1-сентябрь

Улакчылар нааразылык билдирип, облустук администрациясынын алдына чогулду

Улакчылар нааразылык билдирип, облустук администрациясынын алдына чогулду

Бүгүн, 31-августта Ош шаарында улакчылардын нааразылык акциясы болуп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына шилтеме берүү менен жазды.

Маалыматка караганда, алар бүгүн эгемендүүлүктүн 30жылдыгына арналган түштүк аймагы боюнча өткөрүлгөн көк бөрү боюнча биринчиликте байгелердин убадаланган суммадан эки эсе аз берилгенин айтышууда. Мелдеште биринчиликти алган Кара-Кулжа командасы нааразы болуп, президенттин Оштогу өкүлүнө келишти.

Буга чейин уюштуруучулар тарабынан улакчыларга көк бөрү боюнча мелешке жалпы фонддон 500 миң сом каралганын, 1-орунга 250 миң сом, 2-орунга 150 миң сом, 3-орунга 100 миң сом берилет деп айтылган. Бирок 1-орунга 90 миң сом, 2-орунга 63 миң сом, 3-орунга 20 миң сом берилген.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн жеңүүчүлөргө100 миң сом, президенттин Оштогу өкүлү Зиядин Жамалдинов 70 миң сом берген. Андан 1-орунга 40 миң сом, 2-орунга 30 миң сом, 3-орунга 20 миң сом эле берилип, улакчылардын нааразычылыктарын жаратышкан.

Улакчылардын айтымында, алар атайын аттарды Таластан, Токтогулдан жалдап алып келип, 1 айдан бери даярданышкан.

Ош облусунун жетекчилигинин маалыматына караганда, бүгүн Төлөйкөн айылындагы ипподромдо көк бөрү боюнча түштүк аймагындагы командалар арасында мелдеш өткөрүлгөн. Анын байгесине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 70 миң сом каражат бөлүп, көк бөрү федерациясынын Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө тапшырылган. Акчаны жеңүүчүлөргө бөлүп берүү көк бөрү федерациясына милдеттендирилген.

Бүгүн оюндан кийин 1-орунду ээлеген «Кара-Кулжа» жана 2-орунду ээлеген Өзгөн районунун «Көлдүк» командасынын мүчөлөрү байгеде айтылган суммадан тапшырылган сумма аз экенин айтып, Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдиновго кайрылышкан. Зиядин Жамалдинов нааразы болгон улакчыларды жана көк бөрү федерациясынын облустагы өкүлдөрү менен жолукту. Жыйынтыгында федерациянын Оштогу өкүлчүлүгүнүн уюштуруу иштеринде кемчиликтер кеткени аныкталды. Аталган федерациянын облустагы өкүлү эртең улакчыларга байгеде айтылган сумманы толугу менен тапшырат.

Кечээ, 31-августта Ош шаарындагы «Төлөйкөн» ат майданында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган көк бөрү мелдешинин финалдык турунда «Кара-Кулжа» командасы жеңишке ээ болгону кабарланган.

Маалыматка караганда, финалда Кара-Кулжа командасы Өзгөндүн «Көлдүк» командасын 2:1 эсебинде жеңген. 2 команда 20 мүнөттөн 3 тур менен мелдешке түштү. Алгачкы таймдын 17 мүнөтүндө «Көлдүк» командасы атаандаштардын тай казанына 1 улак салып, эсепти ачкан. Экинчи таймдын 8-мүнөтүндө «Кара-Кулжа» командасы эсепти 1:1 кылып теңеди. Оюндун чечүүчү бөлүгүндү «Кара-Кулжа» командасы дагы бир жолу улак салып, 2:1 эсебинде жеңишке ээ болгон.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов көк бөрүчүлөргө 100 миң сом сыйлык берген. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов жалпы улакчыларга 70 миң сом акчалай сыйлык ыйгарган болчу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...