• Башкы бет
  • "Эмгек сиңирген мугалим" наамына кимдер татыктуу болду?
08:59, -ж., 1-сентябрь

"Эмгек сиңирген мугалим" наамына кимдер татыктуу болду?

"Эмгек сиңирген мугалим" наамына кимдер татыктуу болду?

Бир катар кыргызстандыктар кесиптик ишмердүүлүгүндөгү зор жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкону, кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктери, көп жылдык жемиштүү эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясын иштеп чыгууга активдүү катышкандыгы жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу ыйгарылсын:

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» ардак наамы:

Абдырахманова Бурулжан Чокаевнага – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун А.Маматов атындагы мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими;

Гайыпова Урумпаша Азимжановнага – Баткен облусунун Баткен районунун Т.Садыков атындагы орто мектебинин математика мугалими;

Жусубалиева Кымбат Кыдырмышовнага – Нарын облусунун Ат-Башы районунун Боогачы атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;

Иманбердиев Төрөбек Амановичке – Нарын облусунун Ат-Башы районунун Карабек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин директорунун башталгыч класстарынын окуу иштери боюнча орун басары;

Исакова Тазагулгө – Баткен облусунун Баткен районунун С.Кожобаева атындагы Самаркандек гимназия-жатак мектебинин англис тили мугалими;

Истамова Бурул Кубалдаевнага – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун О.Жумаев атындагы Чоң-Сары-Ой жалпы орто билим берүү мектебинин математика мугалими;

Көкөнбаев Нуканга – Нарын облусунун Кочкор районунун К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин биология мугалими;

Курманалиева Турдубүбүгө – Бишкек шаарынын Р.Шүкүрбеков атындагы №38 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин математика мугалими;

Макыев Турганбайга – Ош облусунун Кара-Кулжа районунун М.Абакиров атындагы «Токбай-Талаа» орто мектебинин математика мугалими;

Муслина Наталья Геннадьевнага – Бишкек шаарынын И.В.Панфилов атындагы №6 мектеп-гимназия автордук окуу-тарбия комплексинин башталгыч класстарынын мугалими;

Өмүрзакова Тажыбүбүгө – Бишкек шаарынын №31 мектеп-гимназиясынын директору;

«Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамы:

Агайдарова Аэлита Ураловнага – «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун балдарды тарбиялоо жана билим берүү борборунун директору;

Асанова Алтынга – К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин деканы;

Калдыбаев Салидин Кадыркуловичке – «Ала-Тоо» эл аралык университетинин илимий иштер боюнча проректору;

Каримов Салыга – Ош мамлекеттик университетинин математикалык анализ кафедрасынын башчысы;

Молдосанов Саламат Усенбаевичке – И.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинин директору;

Ниязова Анара Натуевнага – Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин жарандык укук жана процесс кафедрасынын башчысы;

Саралаев Маратка – Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын педагогика, психология жана дене тарбия тарыхы кафедрасынын доценти;

Ситникова Маргарита Хамзеевнага – Бишкек шаарынын № 59 жалпы билим берүү орто мектебинин директору;

Эдилова Мариям Миталиповнага – «Ала-Тоо» эл аралык университетинин факультеттер аралык мамлекеттик сабактарды окутуу кафедрасынын профессору.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...