• Башкы бет
  • Эгемендүүлүк майрамы райондордо кандай белгиленди?
08:49, -ж., 1-сентябрь

Эгемендүүлүк майрамы райондордо кандай белгиленди?

Эгемендүүлүк майрамы райондордо кандай белгиленди?

Ош облусунун райондорунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Кулжа 

Кара-Кулжа районунда Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата жана Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти, залкар обончу, чебер аткаруучу Р.Абдыкадыровдун 80 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Майрамдык салтанатка Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, ЖК депутаты Эмил Токтошов жана райондогу мекеме жетекчилери катышты. Майрамдык салтанатта концерттик программалар тартууланып, "Ырдын пири Рыспай" аттуу облустук кароо-сынактын женуучулору сыйланышты. Андан сырткары, иш чара спорт оюндары менен уланып, улуттук спорт оюндары отту. Кыргыз курош, аркан тартыш, бука тартыш, шахмат, гира которуу, волейбол ж.б спорт оюндары болуп, женуучулор акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Кара-Суу 

Кара-Суу районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана райондук мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин катышуусунда парад өткөрүлүп, эмгек алдынкылары, ардагерлер, коомдук уюмдар, диаспоралардын өкүлдөрү жана райондун өнгүүсүнө салым кошкон жарандар катышышты. Ошондой эле райондун тургундарына маданият кызматкерлери тарабынан театрлаштырылган эпизоддор жана Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багында концерттик программалар көрсөтүлдү.

Ноокат 

Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекеме-ишкана жетекчилер, райондун тургундары катышып, Ноокат районунун 30 жыл ичиндеги жетишкендиктери жөнүндө көргөзмө уюштурулуп, сахналаштырылган эпизоддор көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланды.Ноокат райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Д.Иманалиев куттуктоо сүйлөп, баалуу белектерди жана ардак грамоталарды тапшырды. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып, 30 ооз комузчу, 30 манасчы, 30 хор, 30 комузчу, 30 акордеон ыр маанай тартуулап, 30 кептер жана 30 шар асманга учурулду.

Чон-Алай 

Чоң-Алай районунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Иш чара эки бөлүктө өтмөкчү. А.Мамажакыпов атындагы стадиондо боз үйлөр тигилип, айыл чарба өндүрүштөрү жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү коюлду. Биринчи бөлүк Чоң-Алай районундагы мекеме-ишканалардын параддык жүрүшү менен башталып, андан кийин Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Т.Абыкеев куттуктоо сөз сүйлөп, райондун өнүгүшүнө салым кошкон, райондогу эмгеги сиңген инсандарга ардактуу атуул, ардак грамоталар, ыраазычылык каттар жана башка баалуу сыйлыктарды тапшырды. Эгемендүүлүк күнүнө карата Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы маалымат тактайчанын жана райондо эки мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ачылышын, Чоң-Алай айыл өкмөтүнүнө караштуу А.Мамажыкыпов атындагы стадиондун көпүрөсүнүн ачылышын ачып, 150 кишиге майрамдык дасторкон жайылып, сый тамак берилди. 30-август күнү улуттук оюндар ойнотулуп, бүгүн финалдык беттештер болуп жеңүүчүлөр салтанаттын экинчи бөлүгүндө сыйланат. Кечки саат 19:30 да салтанаттын экинчи бөлүгу чоң концерттик программа менен коштолмокчу.

Өзгөн

Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан эгемендүүлүктүн 30 жылдык маарекесине карата Өзгөн шарынын борбордук аянтында чоң масштабдагы иш-чара өткөрүлдү. Өлкөнүн негизги майрамы болгон эгемендиктин күнүндө, алгач эле эгемендик эңсеген элдин тарыхын чагылдырган сахналык көрүнүш орун алды. Бир түндүк, бир желектин астына биригүү ата бабаларыбыздын нечендеген кылымдар бою эңсеген мүдөөсү экендиги, жана районубуздун түптөлүшү, өнүгүүсүнө салымдарын кошкон чыгаан инсандар даңазаланды. Мурат Раматов: Элибизге эркиндик, улуттук баалуулуктарды камтыган көз карандысыздык күнүнүн мааниси терең экенин айтып, райондун алдыңкыларына Ардак грамота жана баалуу белектерди ыйгарды. Салтанаттуу аземдин жүрүүсүндө талантуу Өзгөн өнөрпоздору ыр белек тартуулады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...