
14:08, 2021-ж., 31-август
Президент "Эл артисти" наамын кимдерге ыйгарды

Президент Садыр Жапаров республиканын маданий, интеллектуалдык жана рухий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Анын негизинде бир катар маданият ишмерлерине «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардак наамы ыйгарылды.
Алар:
Абдыкадыров Нурлан Жалиловичке
–Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын коюучу-режиссеру;
Акулова Динара Догдурбаевна
– эстрада ырчысы, “Доор” эстрадалык-фольклордук ансамблинин солисти;
Аманбаев Исирадин Абдилашимович
–композитор, М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатынын директору;
Анникова Валентина Васильевна
– М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын жетектөөчү сахна чебери;
Борбиев Берадор Сманович
– эстрада ырчысы, “Бек” эстрадалык ансамблинин жетекчиси;
Гилка Валентина Григорьевна
– Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын артисти;
Жоробекова Шакен
– жыгач ооз комуз чебери;
Иманалиева Айчүрөк Асылбековна
– эстрада ырчысы, “Айчүрөк” эстрада театрынын көркөм жетекчиси;
Мааданбеков Эсенбек
–обончу, композитор, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы эстрада-фольклордук жана элдик бий студиясынын музыка мугалими;
Маматкулов Абдырасул Токоевич
эстрада ырчысы;
Мырсалиева Сайрабүбү Ажыкуловна
–Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;
Өмүрова Бермет
–М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театрынын артисти;
Турсунбаев Нурканбек
–Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;
Ыбыкеев Бактыбек Эсентурович
–Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти, жетектөөчү сахна чебери;
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер