• Башкы бет
  • 5 партия Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу ниетин билдирди
14:06, 2021-ж., 31-август

5 партия Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу ниетин билдирди

5 партия Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу ниетин билдирди

Бүгүн, 31-августка карата Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 5 партиядан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катыша турганы тууралуу арыз келип түштү.

Парламенттик шайлоо ушул жылы 28-ноябрда өтөт.

Арыз тапшырган партиялар:

- «Социал-демократтар»,

- «Улуттар биримдиги»,

- «Ишеним»,

- «Альянс»,

- «Кыргызстандын жашылдар партиясы».

Календарлык планга ылайык Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 5 күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирүү менен кайрылышы керек.

Ошондой эле билдирүүгө саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсү тиркелип, саясий партиянын жетекчисинин колу коюлуп, саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш. Жазуу жүзүндөгү билдирүү 23-сентябрь саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...