
09:08, 2021-ж., 31-август
Ош милициясы чет өлкөлүк студенттерге түшүндүрүү иш-чарасын өткөрдү

Ош шаарындагы жогорку окуу жайларында окуп жаткан чет өлкөлүк сткуденттер менен профилактикалык багыттагы жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн демилгеси менен Ош шаарынын Курманжан Датка кичи шаарчасында чет өлкөлүк студенттердин активисттери менен башкармалыктын аталган бөлүмүнүн кызматкерлеринин жолугушуусу болуп өттү. Милиция кызматкерлери менен жолугушууга чет өлкөлүк студенттер келишти.
"Укук коргоо органдарынын кызматкерлери аларга Кыргыз Республикасынын аймагында жашап, окуп жатышкандыктан Кыргызстандын мыйзамдарын жана жергиликтүү элдин үрп-адаттарын сыйлоого, кылмыштуулукка баруудан сак болууга жана жеке коопсуздук эрежелерин сактоого чакырышты. Байланыш үчүн тиешелүү даректерди, телефон номерлерин калтырышты. Жолугушууда акыркы мезгилде Афганистанда болуп жаткан кайгылуу окуялар дагы эске алынды. Андагы тартипсиздик, адам өмүрүнүн кыйылып жаткан учурлар тууралуу сөз болуп, Кыргыз өлкөсүндө андай окуялардын болбоосу үчүн аткарылуучу иш чаралар айтылды",-деп айтылат маалыматта.
Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын эстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан терроризмге, экстремизмге жана кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган профилактикалык иш аракеттер күчөтүлдү. Терроризмидин, диний экстремиздин алдын алууга багытталган ондогон жолугушуулар өттү.
Жолугушууларда жарандарга бүгүнкү күндөгү кырдаал жөнүндө маалымат берилип, диний экстремизмге, терроризмге каршы күрөшүү боюнча элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Салттуу динден экстремизмге, диний фанатизмге өтүп кетүү коркунучтарынын баскычтары, себептери айтылып, биргелешип алдын алуу боюнча сунуштар айтылып жатат. Калктын диний багыттагы сабаттуулугун жогорулатуу боюнча атайын адистердин катышуусу дагы каралаган. Мындай иш чаралар Ош шаарынын бардык кичи райондорунда, жогорку окуу жайларында өтүүсү пландаштырылган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер