
09:12, 2021-ж., 30-август
Жогорку Кеңештин шайлоосу 28-ноябрга дайындалды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койгон.
Президенттин Жарлыгы менен үстүбүздөгү жылдын 28-ноябры Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы чакырылыштагы депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленет.
2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.
2021-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жаңы тартибин караган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы күчүнө кирген.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүү каралат.
Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бир шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.
Депутаттардын санынын өзгөрүшү, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлган талаптар, жаңы шайлоо системасын киргизүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги чакырылышына депутаттарды жаңы шайлоону дайындоону жана өткөрүүнү карайт.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер