• Башкы бет
  • Октон каза болгон жарандын иши боюнча бир нече кызматкер кармалды
09:02, 2021-ж., 30-август

Октон каза болгон жарандын иши боюнча бир нече кызматкер кармалды

Октон каза болгон жарандын иши боюнча бир нече кызматкер кармалды

А.Ч. аттуу жарандын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. 

Анда белгилүү болгондой, УКМК Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкери А.Ч. аттуу жаранды өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөө учурунда, Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн полкунун рота командиринин орун басары А.Н., полктун 2-ротасынын 3-взводунун кенже инспекторлору Б.Э. жана Б.А. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалгандар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...