• Башкы бет
  • К. Ташиев УКМКнын кызматкерин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады
08:50, -ж., 30-август

К. Ташиев УКМКнын кызматкерин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады

К. Ташиев УКМКнын кызматкерин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады

УКМКнын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө арналган өздүк курамдын салтанаттуу жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын башчысы генерал-лейтенант К.К.Ташиев Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен өздүк курамды жана коопсуздук органдарынын ардагерлерин куттуктап, өз сөзүндө Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн калыптануу тарыхына, жарандар үчүн да, атайын кызматтын кызматкерлери үчүн да эгемендүүлүктүн маанисине токтолду.

"Ал өздүк курамдын көңүлүн эгемендүүлүктүн негизи болгон өлкөнүн коопсуз жана динамикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн тийиштүү эффективдүү ишти уюштурууга бурду",-деп айтылат маалыматта.

УКМКнын өздүк курамын мамлекет башчысынын жана министрлер кабинетинин атынан президенттик аппараттын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы А.Жанузаков куттуктады. Ал мамлекеттин коопсуздугун камсыздоону эсепке алуу менен, ички жана тышкы коркунучтарды активдүү түрдө нейтралдаштырууга басым жасады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...