• Башкы бет
  • Милициянын унаасын сүзгөн унаадагы 3 киши каза болду
18:39, 2021-ж., 28-август

Милициянын унаасын сүзгөн унаадагы 3 киши каза болду

Милициянын унаасын сүзгөн унаадагы 3 киши каза болду

Бүгүн 28-августа, болжол менен саат чамасында Ош -Ноокат жолунда, Жапалак айылынан чыга бериште, жол четинде батыштан чыгыш тарапты карап токтоп турган ИИМге караштуу атайын автобусун "Матиз" үлгүсүндөгү автоунаа карама-каршы тилкеге чыгып, жогорку ылдамдыкта келип сүзгөн. 

"Натыйжада "Матиз" үлгүсүндөгү автоунаада отурушкан 3 жаран каза болгон",-деп айтылат маалыматта.

Учурда окуя болгон жерде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам- тергөө тобу иштеп жатат.

Жаңы, аныкталган жагдайлар боюнча дагы кошумча маалымат беребиз.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...