• Башкы бет
  • Оң рулдуу унааларды өлкөгө мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган жарандар кармалды
13:56, 2021-ж., 28-август

Оң рулдуу унааларды өлкөгө мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган жарандар кармалды

Оң рулдуу унааларды өлкөгө мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган жарандар кармалды

Казакстан Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына автоунааларды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын аймагына оң рулдуу унааларды мыйзамсыз алып кирүү каналы аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, 2021-жылдын 27-августунда "Чон-Капка-Унаа жолу" өткөрүү пунктунан Кыргыз мамлекетинин номуру тагылган “Toyota Estima” үлгүсүндөгү унаалардын партиясын өлкөгө мыйзамсыз жол менен алып өтүүгө аракет кылып жатканда кармалган.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Бул иштин алкагында кармалган Кыргыз Республикасынын жараны "Н.С." жана Казакстан Республикасынын жарандары "С.Т." жана "М.Х." Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык камака алынышты. 

Азыркы учурда бул фактынын бардык жагдайларын изилдөө жана мүмкүн болгон шериктерин, ошондой эле КРӨ алдындагы МККнын "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралар улантылууда

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...