
13:52, 2021-ж., 28-август
Айдоочуга ок аткан инспектор камакка алынды

Бишкек шаарынын Жибек Жолу жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги мечит тараптан эркек кишиге ок атылды. Мындай маалымат 27-августта саат 21:30 чамасында Свердлов РИИБге түшкөнүн "Акипресс" агенттиги жазды.
ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, мечиттин батыш тарабындагы жолдон 1 даана гильза, болжол менен кандын тагы табылган. Ошондой эле жакын арадагы видеокамерадагы материалдар алынды.
Бул факт боюнча Жазык кодексинин 321-беренесинин («Бийликтен аша чабуу» 1) курал же атайын каражаттарды колдонуу менен; 2) этиятсыздыктан оор зыян келтирүү менен) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Бул окуяга шектелген Милициянын кайгуул кызматынын кенже инспектору Д.Ж. убактылуу камакка алынды.
ШИИБдин маалыматы боюнча, маркум А.Ч. (1989-жылы төрөлгөн) «RAV-4» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып жүргөн. Аны инспектор тоскондо унаасын токтотуп, документтерин берген. Милициянын маалыматы боюнча, ошол учурда инспектор менен айдоочунун ортосунда чыр чыгып, кайым айтышуу болго
«Айдоочу инспектордун талабына баш ийбей, табелдик куралын алууга аракет кылган. Ошол учурда капыстан куралдан ок атылып, айдоочуга тийген», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер