• Башкы бет
  • Владислав Шулико дүйнөлүк рекордду жаңылады
17:22, 2021-ж., 27-август

Владислав Шулико дүйнөлүк рекордду жаңылады

Владислав Шулико  дүйнөлүк рекордду жаңылады

Бүгүн, 27-август күнү сууда сүзүү боюнча эл аралык спорт чебери Владислав Шулико (21 жашта) Ысык-Көлдү узунунан 180 чакырым аралыкка сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекорд жаратты. 

Беш жарым күнгө созулган көлдө сүзүү Балыкчы шаарынын пляжында аяктады.

В.Шуликону ата-энеси, сүйгөн кызы жана Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков жана Айсулуу Мамашова, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана күйөрмандары тосуп алышты. Алардын арасында гүл жана белегин тапшыргандар да болду.

Спортчу эртең, 28-август күнү Бишкек шаарында маалымат жыйын өткөрөрүн бардык суроолорго ошол жактан жооп берерин билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, демөөрчүлөрдүн бири батир белек кылары айтылды.

Буга чейин  В.Шулико 22-август күнү саат 07:30да Каракол шаарынан Балыкчыга карай сүзүп кеткенин жазган. Спортчу аба ырайынын шарттарын жана башка факторлорду эске алып, көлдү 4-5 күндүн ичинде сүзүп өтүүнү пландаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...